www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилдеп, уруп, кагып, силкип – бул тарбия эмес, бул баланы коркутуп, кемсинтүү. Тарбия – бул акылга ынандыруу, түшүндүрүү, баланын шагын сындырбай, көңүлүн калтырбай, ага адеп жолун көрсөтүү, үйрөтүү. Мындай пикирин коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

«Күн чыкканда алгачкы нуру бакыт чачат, көрүп калсаң бактылуу болосуң» - деп бизди эрте турганга көндүргөн. «Жиликти таза мүлжүсөң, түбөлүк жарың сулуу болот» - деп, ысырапкорчулуктан сактаган. «Сууну булгасаң - энеңдин эмчеги ооруйт», «Жакшы адамдын кешигин жесең – жакшылыгы жугат». «Малды тепсең – саны өспөйт». «Кыз балага кол көтөрсөң – колуң калтырак болуп калат», «Шыпырындыны бассаң – башың ооруйт». «Итти тепсең – ырыскың качат». «Кесир мамиле кылсаң – азабын тартып каласың». «Пейилиң тар болсо ишиң оңолбойт». «Арам жукпайт». «Бой көтөрбөй жөнөкөй бол». «Ынтымагы жок үйгө ырыс жолобойт». «Колуңду жуубасаң ичкен тамагың аш болбойт». «Оюң таза болбосо тилегиңди бербейт». «Тапканың адал болбосо буйрубайт» ж.б.

Өмүрүнө өзөк болчу түпкү түшүнүктөрдү бабаларыбыз 12 – 14 жашына чейин эле баланын аң-сезимине куюп койчу. Алибетте, бул түшүнүктөр нечен миң жыл бою турмуш тажрийбадан алынып, азап менен табылган билим эле!

- Илгери мектеп, бала бакчалар жок кезде бул билимди ким берип, ким окутчу эле?

- Ата-энелер, чоң ата – чоң апалар, айыл аксакалдары, жакшылары, бийлер, калың эл нарк, салт, адат аркылуу бул билимди муундан муунга калтырып, мурастап келген. Ал жашоо шартка шайкеш болуп, көчмөн турмуштун талаптарына жана муктаждыгына жооп берип, эмгекке, адилет, калыс, акыйкатка таянган, - деп билдирди Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости