www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Теннесси штатында 30 жылдан ашык мурда тоңдурулган эмбриондордон эгиз наристе төрөлдү. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.

Орегондон келген төрт баланын энеси Рэйчел Ридгвэй үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында эгиз төрөдү. Лидия Энн менен Тимоти Рональд Ридгвэйдин атасы Филипп Ридгвэй: «Бул укмуштуудай окуя» деди.

«Кудай Лидия менен Тиметейге өмүр бергенде мен беш жашта элем, ошондон бери ал өмүрдү колдоп келет. Алар биздин кенже балдарыбыз болгону менен кандайдыр бир мааниде улуу балдарыбыз», - дейт бактылуу ата.

Улуттук эмбрион донордук борборунун (NEDC) кызматкерлеринин айтымында, бөбөктөр эң узак ийгиликтүү төрөлгөн эмбрион боюнча жаңы рекорд коюшу мүмкүн. Бул эмбрион 1992-жылдын 22-апрелинде суюк азотто -128 градус Цельсийде сактоо үчүн алынып салынган. Улуттук эмбрион донордук борборунун буга чейинки рекорду 2020-жылы 27 жыл тоңуп калган эмбриондон төрөлгөн Молли Гибсонго таандык. Бул борбор донордук эмбриондордон 1200дөн ашык ымыркайдын төрөлүшүнө жардам берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости