www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Норвегия менен Кыргызстан климаттык жана жаратылыш шарттары боюнча окшош. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов бүгүн, 23-ноябрында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Норвегияда 80ге жакын, Кыргызстанда 100гө жакын дарыя бар, бирок норвегиялыктар дарыялардын потенциалынын 80%дан ашыгын, ал эми Кыргызстан 2%ын гана пайдаланат.

«Эгерде биз дагы өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүп, инвесторлорду тарталы десек, анда өлкөдө ГЭСтерди көбүрөөк куруп, бул дарыялардын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу керек», - деди ал.

Депутат Кыргызстанда ГЭС курууну каалагандарга жардам берүү зарыл деп эсептейт.

«Келечекте өлкөнүн энергетика тармагы жакшырганда калк үчүн электр энергиясын бекер кылууга болот эле», - дейт ал.

Буга Энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов азыр Энергетика министрлиги ачык суу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү менен гана алектенип жатканын айтты.

Депутат өлкө экономикасы ГЭСтерден эле кошумча 100 миллиард сом ала алат деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости