www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызда жазма тарых болбогону менен оозеки санжыра кыргыз коомунун тарыхынын жана философиясынын ролун аткарып келген. Ошол философиялык тарыхый мааниси бар окуялар жана боло турган проблемалар кыргыздын акелери аркылуу элге жеткирилип келген. Бул тууралуу Философия илимдеринин кандидаты, профессор Карыбек Байбосунов билдирди.
Кыргызда жазма тарых болбогону менен оозеки санжыра кыргыз коомунун тарыхынын жана философиясынын ролун аткарып келген. Ошол философиялык тарыхый мааниси бар окуялар жана боло турган проблемалар кыргыздын акелери аркылуу элге жеткирилип келген. Кыргызда «Кел баатыр», «сүйлөп отур баатыр» деген сөздөр бар. Бул ошол адамды бир чети көтөрмөлөп, бир чети эркелетип сыйлап айтылган сөз. Мисалы Шабданды баатыр деп келишет. Шабдан баатырлык кылып аскер баштап жоо сайган эмес. Бирок элге сиӊирген эмгеги баатырга тете болгон. Ошондой эле сөз багып, акыл насаат айтып элди каада салтка чакырган адамдарды «аке» деп сыйлашкан. Аке деген атка конуш, ошондой сыйга татыктуу болуш оӊой болгон эмес. Акелер адатта жалпы элдин, анын ичинде өз уруусунун санжырасын жакшы билишкен. Эл арасында айтылып калган белгилүү адамдар жөнүндө уламыш кылып көп нерселерди айтышкан. Алардын баатырлыгын, акылмандыгын жомок кылып айтып элди, коомду жакшылыкка, каада салтты сыйлоого, элин жерин коргоого үндөп келишкен.
Адатта манаптар, акелер байлык күткөн эмес. Бирин экин малы болуп өз оокаттарына тыӊ болушкан. Алардын философиялык ой жүгүртүүлөрү эл арасына тереӊ сиӊген. Мисалы айтылуу Калыгул олуянын айткандары эмдигиче эл арасында зор сыймык менен айтылат. Байзак баатырдын олуялыгы жана билермандыгы, учкул сөздөрү китеп болуп чыкты. Айлакерлик кылып элин жоодон сакташкан. Ошондой эл арасында зор кадыры бар акелердин бири Баялы Кожояр уулу (1855-1941 жж). Бу киши өз заманында философиялык көз карашы жана чечендиги менен белгилүү болгон.
Философ деген сөздү чечмелесек «Философия» — байыркы грек сөзү: «фил» — «сүйүү», «жактыруу», «умтулуу», «ызат-сый», ал эми «софия», «акылмандык», «даанышмандык» дегенди түшүндүрөт, демек, акылмандыкка умтулуу, акылмандыкты урматтоо дегенди туюнтат. Бул сөз биздин заманга чейинки VI кылымда Байыркы Грецияда колдонула баштаган. Ошондон бери ушул маанисинде билимдин, илимдин, ой-түшүнүктүн өзгөчө бир түрүн билгизип келе жатат. Демек кыргыздардын ар кайсы урууларынан чыккан акелер биздин элибиздин мезгилине жараша жаралган философтору десек жаӊылышпасак керек.
Баялы акени философиясынан бир мисал. 1916-жылкы үркүндө айлы дүрбөп качабыз, качабыз деп калганда элин чогултуп туруп минтип сураган. Орустун курал жарагы шайма шай экен. Бизде союлдан башка эч нерсе жок. Биз каршылык көрсөтсөк да качсак да кырылып калабыз Ошол силер коркуп качабыз деп жаткан орустар тамак ичет бекен деп сурайт. Ооба. Алар деле бизге окшоп тамак ичишет дешет. Кийим киет бекен деп сурайт. Ооба, кийимди түрлөп кийишет экен дешет. Анда качып кайда барасыӊар, ач белде, куу жолдо кыш күрөөдө жаш балдар, картаӊ кемпир чалдар болуп тоӊуп кырыласыӊар. Андан көрө ошол орустун жазалоочу отрядын эптеп алдап соолап аман калуунун аракетин кылалы деп качырбай коёт. Элин булуӊ буйткаларга жашынтып коюп, орус аскерлери келе турган жерге боз үй тиктирип, ичин жасалгалатып жай оокат кылып жаткан түр көрсөтүп чай кайнатып ичип отура берет.
Бир маалда күргүштөп орус аскерлери келет. Командири өнү башын бузуп каарду карап атына чиренип туруп калат. Келгиле баатырлар. Келгиле. Жол болсун. Тынчылыкпы деп сурайт Баялы аке. Тилмечи которуп берет. Биздин Багышан айлындагы орус үй бүлөөлөрүн бала бакырасы менен кырыпсыӊар. Биз дагы силерди кырабыз деп орус аскеринин командири өктөм сүйлөйт. Түшкүлө. Үйгө киргиле. Эт бышып калды тамактангыла. Жай отуруп сүйлөшөлу дейт Баялы аке. Жол жүрүп чарчаган орустар аттан түшүп тамакка отуруп калышат.
Эми болоору болуптур. Бир бейбаш балдар ушундай иш кылып коюшуптур. Силер бизди кыргандан эмне пайда табасыӊар. Андан көрө ак падышанын зоболосун көтөрүп кечиримдүү болгула. Мындан кийин андай чекилик болбойт. Бейбаштарды өзүбүз жазалайбыз. Андан көрө мына бул атты минип жакшы кемер куру менен кийитибизди кийип кеткиле деп чапан жабат. Өлөр адамдар өлдү, артынан өлмөк жок, куну бул деп тай туяк күмүш берет. Орус ыраазы болуп андан ары Жумгалды аралабай кайтып кетет. Багышан эли мурун качып кетишип бир далайы крылып калат. Жумгалдын калган айылдары качпай аман калат.
Бул «Алтынды көрүп пайгамбар жолдон тайыптыр» деген философиялык мааниси бар макал менен чоӊ дипломатия эмей эмне. Баялы атанын уулу Ыбрайым «бала болуш» аталып атасы Баялы акенин жардамы менен болуш болгон. Кийин айдалып кетип түрмөдө каза болгон. Неберелери Эркинхан, Светлана, Эльмира, Султанбек Кадыралиевдер болуп Жумгал районунун Кызарт айылынын тушуна, жолдун боюндагы дөбөгө А.Атамбаевден жардам акча бөлдүрүп алышып үркүндүн 100 жылдыгына карата бийиктиги 5 метрге жеткен эстелик тургузушту. Өткөн кеткендер куран окуп сыйынып өтүшөт», - деп белгилеген Карыбек Байбосунов.
Булак: NazarNews.kg