www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ормон керээзин айтып жатканда Шаменди кундун наркын бычсын деп, эгер бугу сөзгө келбесе Төрөгелдиге көлдү үч айлансын деген экен. Ошондуктан, Шамен Ормондун кунуна үч шартты айтып бугуга жөнөтөт. Шамендин айтканы боюнча бугу эли төмөнкү шарттардын бирине макул болушу керек эле:
1. Ормондун куну үчүн бугу эли жети баатырын берсин, жетөөнүн тең башын алабыз.
2. Же бугу эли мекени Ысык-Көлдү берип, өздөрү журт которуп көчүп кетсин.
3. Жүз кызын берсин, сарбагыштар келин кылып алабыз.
Бугу эли ушул шарттардын бирине макул болот, менимче үчүнчү шартка макул болсо керек, кантип жети баатырын берсин же мекенин таштап көчүп кетсин, жүз кызын берип сарбагыштар менен кудалашмак болгондур. Ушул шартка макул болуп бугу эли Тилекматты баш кылып кишилерин жиберет. Тилекматтын келишин Шамен баш болгон сарбагыштар жактырган эмес. Ошондуктан, Шамен түз эле айткан: «Хан Ормонду өлтүрүп бир жамандык жасадыңар, эми кулду баш кылып киши жиберип, ошого тете жамандык жасаган жатасыңарбы?» - деп ачык чыккан. Бул сөздү уккан Тилекмат катуу сынып калат. Негизи, Шамен Ормондун кунун тынчтык жолу менен чечкиси келген. Бирок, убакыт өтүп кетип, анын үстүнө Шамен бугунун мыктылары менен кеңешип алыптыр деген кеп тарап Төрөгелди, Үмөталылар бугуга каршы кол баштап, аларды Текестен ары сүрүп, көлдү үч жолу айланып жиберишкен. Бугу элин Тилекмат казактарга, орустарга барып жүрүп сактап калган.
Тилекматтын баласы Чыныбайга бугу эли кулдун тукуму деп болуштукту бербей коюшат. Чыныбай бугудагы сарт калмак, дунган элдеринин саркындыларын жана саруу, мундуз, дөөлөс жана башка бугу эмес уурулардын башын бириктирип өзүнчө болуштук түзүп, болуш болуп калат. Жөн болуш болбой Көлдөгү бардык болуштуктарга баш-көз болуп, Көтмалдыда топту башкарган. Ошол мезгилде Шамендин тың чыккан балдарынын көзү өтүп, ак сакалдуу Шамен топко барып катышат. Ал Чыныбайдын атасы Тилекмат менен бир курдаш болгондуктан Чыныбайга «Чыныбай балам» деп кайрылат. Чыныбай да учурунда атасы Тилекматты Шамендин сөзгө калтырганын эстеп, Шаменди сөзгө жыга албай турган учуру экен. Шаменге карап: «Чыныбай балам эле дейсиз, мендей баласы бар аксакалдар, тайталактап топко келип, ар ким менен сөз талашып - тартышпай, үйүнүн төрүндө сый көрүп отурушат» - дейт. Шамен таш менен төбөгө чапкандай болуп отуруп калат, кетип баратып санын бир мыкчып алат.
Дагы убакыт өтүп, Чыныбай жалпы көлдүктөрдүн кадыр-барктуу адамына айланат. Столыпиндин жер реформасына таянып Бугунун Тынымсейитин Нарын тарапка оодарып, өзүнчө бир болуштук түзөт. Анан алардын ал-ахыбалын билип турганы көлдүн мыктылары каттап турат. Чыныбай жигиттери менен Тынымсейитке баратып, Долон ашуусунун алдынан Сары-Булакты жайлаган Шаменге учурашып өтүүгө кайрылат. Шамен кыргыздын каадасы менен «эки энеге тел кулун» болгон семиз тайды союп, таңдайды такылдаткан ширин эт келгенде Чыныбай болуш жибип кетип: «Шамен баатыр, бугу менен сарбагыш бир тууган, бугу тараптан Алсейиттин бир тууганы Тынымсейиттин тукумун Нарынга сизге жакын көчүрүп келип койдук. Ары-бери бастырганда туугандарыңызга барып, акыл-насаат, кеп кеңештериңизди айтып турбайбызбы?» - деп калат. Шамен обдулуп: «Чыныбай жолоочу жолоочулап кетип баратып Шаменди Тынымсейит туугандарына барып акыл-насаат, кеп- кеңештерин айтып турсун деген деп, мен Тынымсейиттерге барып акыл-насаат, кеп- кеңештерди айта турган алым жок. Мен төргө сый көрүп отуруп калбадымбы» - деп Чыныбайды чымчып өтөт. Чыныбай жигиттери менен кетип баратып: «Аа, чал акыры алды өчүн» - деп сөзгө сынганын билдирген экен. Илгери азыркыдай кайым-айтыш кайда, манаптар бири-бирин бир ооз нускалуу сөз айтып жайлап коюшкан экен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ