www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-сентябрда спикер Дастанбек Жумабековдун Талас облусунда жаңы төрөлгөн ымыркайдын үй-бүлөсүнө сүйүнчү бергендиги боюнча маселени БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча жумушчу тобу тарабынан каралып жатат.

Ага ылайык, 50 миң сом өлчөмүндө сүйүнчү берген Дастан Жумабеков БШКдан расий түрдө эскертүү алышы мүмкүн.

БШКнын мүчөлөрү депутаттыкка талапкерлер акчаны жардам катары да, сыйлык катары да бере албай тургандыгын белгилешти. Бул добуш сатып алуу болуп деп эсептелет жана депутаттыкка аттанган талапкер шайлоодон четтетилиши мүмкүн.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда социалдык түйүндөргө “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланып, эртеси өчүрүлгөн. Анын алдында БШК «Кыргызстан» саясий партиясына балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн эскертүү берген.

Төраганын басма сөз катчысы окуя түшүндүрмө берип, “Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин ымыркайына спикерди атын койгон экен, төрага акчаны үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берген” – деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости