www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Дастан Жумабеков алтын казуучу ишканалар үчүн салыктын ставкаларын жогорулатууну сунуштады.

Муну менен ал консолидацияланган республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашканын белгилеп, бирок кирешелерди дагы миллиарддаган сомго көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.

Анын айтымында, 2020-жылы алтындын бир унциясы 1 500 АКШ долларын түзсө, азыр баасы 4 450 долларга жетти. Ошого карабастан, салык ставкалары өзгөртүлгөн эмес.  
- Баалар өсүп жатат, эми ставкаларды кайра карап чыгууга убакыт келди деп ойлойм, - деди депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев алтын казуучу ишканалар учурда салыктарды максималдуу ставка менен төлөп жатканын билдирди.

Бирок Дастан Жумабеков 2022-жылы Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенде алтындын баасы мынчалык көтөрүлөт деп эч ким күтпөгөнүн белгилеген.

Өкмөт башчысы бул маселе Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте талкууланарын айтты.

Последние новости