www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Жумабеков мыкты сүйлөдү

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат жана ТИКА уюму тарабынан уюштурулган Рамазан айынын урматына карата сый-тамак берип, Кыргызстандагы ар улуттан турган жана мамлекеттик кызматкерлерди чакырды. Алгач элчи эки мамлекеттин ортосундагы карым-катнаш жана бекем достугу тууралуу сөз сүйлөдү.

--Урматтуу коноктор! Улуу Рамазан айында ушундай иш-чара катышып жатканымды чоң сыймык деп эсептеймин. Кыргыз эли улуу калк. Биз түрк эли Кыргызстанды Ата журт катары эсептейбиз. Алсак, Чынгыз Айтматовдун чыгармалары биздин каныбызга сиңип калган. Бир тил менен, бир дил менен сиңген кыргыз боордошторубуз менен кармаган Орозобузду бирге ачалы деп ушундай ак дасторкондо жолукканыбызга терең ыраазымын”, деди Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат.

Сөз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков:

--Урматтуу туугандар ар дайым ушундай жакшылыктарда жолугуп жүрө берели. Биздин кармаган динибиз, жүрөгүбүз, биздин каныбыз бир. Биз бир атанын балдарыбыз. Эки мамлекеттин ортосундагы достук эмес, бир туугандык мамиле. Биз бир үй бүлөөнүн балдарыбыз. Бир үй-бүлөнүн балдары эрезеге жеткенде башка-башка турмуш кургандай эле, турмушубуз менен жашообуз башка болгону менен биздин кан тамырыбыз бир. Муну тарых тастыктап турат. Ошондуктан Түркия мамлекети бизге кол сунуп, биз байысак, Кыргыз мамлекети дагы байысын деп кол сунуп, колдоп турат. Эки мамлекеттин ортосунда көптөгөн иштер жасалды. Алыскы айыл жергесине чейин көмөктөшүп, бала-бакча, ооруканаларды салып берди. Жакында эле биздин жаңы шайланган президентибиз Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Түркия мамлекетине барып, Түркиянын президенти менен эл аралык мамилени бекемдеп, келечекте боло турган иш-чараларды сүйлөшүп келди. Буюрса, бул иштердин баары ишке ашып, алдыда көптөгөн максаттарды ишке ашырабыз. Жакынкы күндөрү Түркия мамлекетинде чоң саясый күрөш жыйынтыкталганы турат. Ал күрөштө Түркия мамлекетинде президенттик жана парламенттик шайлоо турат. Мен айткым келет, Түркияныны азыркы президенти урматтуу Режеп Тайип Эрдогандын түрк жана ислам дүйнөсүнө кылган иши эбенгейсиз зор. Айрыкча түрк дүйнөсүнө боор тартып, колунан келген жардамын берип турат. Ар кайсы каршылыкта өзүнүн курч сөзүн айтып турган – Режеп Тайип Эрдоган экенин көрүп турабыз. Буюрса алдыдагы майданда Эрдоган жеңишке жетип, келечекте Түрк дүйнөсүнө, Түркия мамлекетине кызматын кылат деген ниеттемин. Ошондуктан Эрдоган мырзага ийгилик каалаймын. Кыргызстан мамлекети ар дайым Түркия мамлекети менен бир туугандык мамиледе жүрөт. Биздин бир туугандык мамилени эч ким жокко чыгара албайт. Биздин ортобуздагы көпүрөнү сындырбастан, бул көпүрөнү үзбөй, кайра кеңейткенге аракет кылышыбыз керек. Биздин ортобузда 5 миң км аралык бар. Биздин жүрөгүбүз бирге болгондуктан биз бул аралыкты сезбейбиз. Бизге 5 миң км алыстык таасир этпейт. Анткени биздин каныбыз бир. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдүн арасында баарыбыз бир бололу. Орто Азияда казак туугандарыбыз, өзбек, тажик, азербейжан жана ислам дүйнөсүндөгү мамлекеттердин баардыгы бүгүнкү күндө “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак” чоң ийгиликтерге чоң жетишкендиктерге жетебиз. Баарыңыздардын кармаган Орозоңуздар кабыл болсун. Эки мамлекеттин ортосундагы ынтымак эч качан үзүлбөсүн! – деди ЖК төрагасы Дастан Жумабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости