www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Деги парламентибиз башчыга жыргабай койду да. Спикер Дастан Жумабеков көзүн чекирейте ачып, канчалык демдүү сүйлөгөнгө аракет кылбасын, баары бир окшошпой калып атат эй. Харизмасы болбосо кантсин анан? Буга чейин КМШ өлкөлөрүндөгү парламенттер аралык жыйындарга тартынып барбай койгону, вице-спикерлерин жөнөткөнү, мындай жорукка Валентина Матвиенко баштаган дөө-шаалар нааразы болгону ыраспы? Түркиядагы тымызын жасаган иштери, эс алганы боюнча да суроолор жаралып, иликтөө органдары артынан түштүбү?

Айтор, шектүү жактары Акүйдүн 7-кабатында талкууга алынып, Жумабековду жакынкы айларда спикерликтен кетирүү маселеси кабыргасынан коюлганынан кабардар болдук. Алыска чуркай албай тез эле ташыркап, креслосун алдырып жибергени калды окшойт. Жогорку Кеңештин төрагалыгына азырынча Иса Өмүркуловдун талапкерлиги жактырылып, бирок, бул маселе толук кандуу чечиле элек экен.

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости