www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин спикери, парламенттик шайлоого талапкер катары аттанган Дастанбек Жумабековдун Таласта жаңы төрөгөн келинге берген сүйүнчү акчасы тууралуу расмий маалымат үчүнчү ирет өзгөртүлдү.
Белгилүү болгондой, Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары жумушчу сапар менен барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган.
Ал эми 17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып, каражат фонддон бөлүнгөнүн кабарлады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу Жогорку Кеңештин спикери, алдыдагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде бараткан Дастанбек Жумабековго байланыштуу талашты 17-сентябрда карап бүтүшү керек.
БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, жумушчу топ эрежеге ылайык үч күндө корутунду чыгарып, жалпы жыйынга сунушун жибериши керек.
Төраганын фонду - мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо административдик ресурсту пайдаланган болот. Чөнтөгүнөн акча берсе - шайлоочуну сатып алуу болот.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрага үгүткө катышпай жатканын, аймактарда жумушчу сапарларда жүргөнүн, буга «Жогорку Кеңештин макамы жөнүндө» мыйзам жол берерин билдирди.
Булак: NazarNews.kg