www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-мартта төрага Дастанбек Жумабеков Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харазини кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Дастанбек Жумабеков алгач Саид Харазини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады.

“Анын ичинен соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо артыкчылыктуу багытка ээ. Анткени, эки мамлекеттин соода-экономикалык дарамети толук өлчөмдө пайдаланылбай келет. Учурда 30 млн. АКШ долларын түзгөн соода жүгүртүүбүздүн көлөмүн көтөрүшүбүз керек”, – деди Дастанбек Жумабеков.

2017-жылы Жогорку Кеңештин Төрагасы баштаган парламенттик делегация Тегеран шаарында болуп, Өкмөттөр аралык комиссия 12 жолу отурумга чогулду.

Мындан тышкары, төрага Дастанбек Жумабеков Иранда коронавирустан каза болгондорго көңүл айтуу менен вируска чалдыккандардын тез арада сакайып кетишин тиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости