www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков онкологиялык оор дартка чалдыккан Баатырбек Баназаровдун үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүп, 50 миӊ сом өлчөмүндөгү акчалай жардам анын энеси Саткын Баназаровго тапшырылды.

Баатырбек Баназаров онкологиялык дартка, тагыраак айтканда, көзүнүн алдындагы тери рагына чалдыккан. Ал өткөн жылдын аягында энеси менен бирге ордо калаага келип, Улуттук онкология жана гематология борборунда дарыланууда.

Ал эми мындай ооруну Индиядагы клиникалардын биринде дайрылай турганынан кабар алган соӊ, 2018-жылдын февраль айында дарыгери менен бирге индияга учуп барган. Бейтаптын алдында бир топ оор операциялар турат. Индиялык дарыгерлер адегенде дарттын өзүн дарылып, андан кийин пластикалык операцияларды жасоого убада берди.

Ошентип, Баатырбектин өзү Индияда дарыланып жаткандыктан, Жогорку Кеӊештин Төрагасынын материалдык жардамы анын энеси Саткын Баназаровага тапшырылды деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости