www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Бекжан аттуу киши жоголуп, аны издеп жатышканын Sputnik агенттигине туугандары айтышкан. Маалыматты Свердлов райондук милициясынан тастыкташты.

Пропавший в Бишкеке мужчина по имени БекжанБишкекте дайынсыз жоголгон Бекжан

Бекжан үйүнөн кечээ, 16-сентябрда, чыгып кеткен боюнча кайра келген эмес. Акыркы ирет аны Чүй — Шабдан баатыр (Алматы) көчөлөрүнүн кесилишинен көрүшкөн.

"Даун синдрому менен жапа чегет, так сүйлөбөйт, өзү жөнүндө айта албайт. Бою 160 сантиметр, толук, бетинде операциядан калган так бар, көздөрү чалыр. Боз футболка, күрөң чолок шым жана ошондой өңдөгү бут кийимчен болчу", — дешти туугандары.

Бекжандын кайда жүргөнүн билгендер болсо 0(502) 32-38-36, 0(552) 32-38-36, 0(704) 68-68-62, 0(559) 68-68-62 телефон номерине чалып же милицияга 0(312) 43‒32‒75 ( Свердлов райондук РИИБи) кайрылсаңыздар болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости