www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарынын биринчи-вице-мэри Давид Курманов шаар аймагындагы  шайлоо участкалардын даярдыктарын карап, текшерип чыкты. 

Курманов учакткалардын даярдыктарын жана автоматташтырылган саноо урналар жана интернет байланыштарынын иштешинде маселе болбошу керек үчүн тийиштүү даярдыктарды дыкат текшерүүнү тапшырды.

Учурда Нарын шаарынын аймагында 21 шайлоо участкасы ачылып, анда бекиген комиссия мүчөлөрү иштеп жатат. Нарын шаардык мэриясы жана БШК тарабынан тийиштүү муктаждыктар камсыздалып, шайлоо комиссия мүчөлөрү жана шайлоочулар үчүн шарт түзүү иштери уланууда. Бүгүнкү күнү участкаларга автоматташтырылган саноо урналары, интернет жана башка байланыш жабдуулары, альтернативалуу электр тогун (генератор) берүүчү жабдыктар, өрт коопсуздугун жана жугуштуу илдеттен коргоочу каражаттар алынып жайгаштырылууда. 

Жалпы элдик добуш берүүчү жайлар жылуу имараттарга жайгаштырылып, шайлоочулардын тизмелери илинген. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Последние новости