www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана референдумда административдик ресурсту колдонуу тобокелдигин жоюу үчүн бардык чаралар кабыл алынат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков коронавирус инфекциясынын өлкө аймагында жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Республикалык ыкчам штабдын жана Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону уюштурууда шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү боюнча республикалык штабдын биргелешкен жыйынынын жүрүшүндө билдирди. 

Артём Новиков белгилегендей, коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда шайлоо процессинин өткөрүлүшү эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоодо тынчсызданууну пайда кылат. 

«Белгилей кетсем, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо, референдум административдик ресурс пайдаланылбастан, таза өтүүсү керек. Өкмөт административдик ресурсту колдонуунун ар кандай фактысын четке кагуу үчүн бардык күчүн жумшоосу тийиш. Укук бузуулар тууралуу келип түшкөн сигналдарга жооп кайтаруучу координациялоочу топтор, тармактык мамлекеттик органдар тийиштүү текшерүүлөрдү ыкчам жүргүзүүсү зарыл», - деди Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, административдик ресурсту колдонуу жөнүндө 14 сигнал келип түштү, учурда алар боюнча текшерүү жүрүүдө.

Премьер-министрдин м.а. шайлоо участокторунун ишинин токтоп калуусунун алдын алуу жана жарандардын ден-соолугун коргоону камсыздоо максатында шайлоо участокторунун электр энергиясы, интернет, жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышын тийиштүү көзөмөлдөөнү тапшырды. 

Мындан тышкары, республикадан тышкары жашаган мекендештер арасында чет мамлекеттердеги шайлоо участокторунун иши жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык өкүлчүлүктөр, өзгөчө, Россия Федерациясындагы өкүлчүлүк тарабынан калкка консулдук тейлөө көрсөтүү шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды кабыл алуусу тапшырылды. Тактап айтканда, жарандарга тейлөө көрсөтүү үчүн өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылат, консулдук кызматкерлерди жайгаштыруу үчүн кошумча жайларды даярдоо башталды, консулдук маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу убактысы жогорулатылды, жүктөм көбүрөөк мекемелерде консулдук кызматкерлердин саны жогорулатылды; жарандарды кабыл алуу жана аларга кеңеш берүү алгоритмдери оптималдаштырылды.

«Алдыдагы шайлоолор – өлкөдөгү келечек процесстердин катализатору. Биз мамлекеттин келечегин, анын мындан аркы өнүгүүсүн тандоодобуз. Кыргыз Республикасынын жарандарын көш көңүл карабастан, өз шайлоо укугун пайдаланып, аң-сезимдүү тандоо кылууга чакырам», - деп жыйынтыктады Артем Новиков.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости