www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Интернетке тараган аудио билдирүү экспертизага жөнөтүлөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактарда айрым саясатчылардын, президенттикке талапкерлердин жана алардын жактоочуларынын президенттик шайлоо менен референдумдан кийин массалык нааразычылык акцияларын өткөрүү жөнүндө диалогдорунун аудио жазууларын жайылтуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар соттук-фоноскопиялык жана филологиялык экспертизага жөнөтүлөт.

Экспертизалардын жыйынтыгында бийликти күч менен басып алууга үндөгөн тараптардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Белгилей кетсек, КР кылмыш-жаза кодексинин негизинде бийликти күч менен басыпп алууга багытталган аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости