www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кеңешбек мырза, шайлоого аз күн калганда айрым талапкерлер биригип, Садыр Жапаровго каршы чыгышууда. Алар жеңилгендерин моюндарына алгысы келбей, же абалды башка нукка буруунун аракетин көрүп жатышабы?

- 10-январдагы президенттик шайлоодо ким жеңерин Кудай гана билет. Элибизде айтылган жакшы сөз бар. «Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту» деген. Бийликтин талапкерине бүт административдик ресурс, мамлекеттик машина иштеп, булактары белгисиз болгон чексиз финансылык каражаттар таркатылып жатканы бүгүнкү күндө эч кандай жашыруун сыр эмес.

Мындай шарттарда акыйкаттыкка, жеңишке жетүүнүн бир гана жолу бар, ал – калган талапкерлердин биригүүсү.

- Канат Исаевдин кечээги митингдеги жалындуу сөздөрү элдин жүрөгүн ойгото алабы?

- Бүгүнкү күндө Канат Исаев дайыма чындыкты бетке айтып, калыстык, мыйзамдуулук үчүн тайманбай күрөшүп келе жаткан, принцибинен тайбаган саналуу саясатчылардын бири экенин эч ким тана албайт. Аны мекенчилдик багыттагы сүйлөгөн сөздөрүнүн баардыгын эл абдан жакшы, туура кабыл алып жатканына биздин коомчулук дайыма күбө. Айткандарынын баардыгы чындык экенин убакыт дайым көргөзүп келе жатат. Кечээги айткандары да чын экенин биз көп убакыт өтпөй көрөбүз. Бирок, «аттиң ай!» деп саныбызды мыкчып калбасак болду.

- Референдумга, жаңы Конституцияга каршы болгон талапкерлер позициясы башка болсо, неге ушул эрежеге макул болуп, саясий жарышка чыгып алышты?

- Баскынчы күчтөргө каршы ачык күрөшкө чыкпаса, аларды кантип жеңсе болот? «Позициям, көз карашым башка» деп четке чыга берген адам саясый күрөштө жеңе алабы? Андай болсо тигилер оңой эле баарын басып алып, келечегибизди туңгуюкка түртүп салышсынбы? Азыркы бийлик кара күчтөрдүн өкүлдөрү экенине жакынкы мезгилде баардыгыбыз күбө болобуз.

Булак: «Азия News» гезити

Последние новости