www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин тургундары калаада көмүр тартыштыгы жаралганын айтып, сатуу жайларынан таба албай жатканын билдиришти.

Редакция “Кыргыз көмүр” ишканасына кайрылганда мунун себебин Кара-Кече кенинин иргелген көмүрдү ташуу 15-январга чейин токтотулганы менен байланыштырды.

--“Биз бул тууралуу 28-декабрда маалымат таратканбыз. 1-январда кенде жардыруу иштери жүргүзүлүп, 3-январдан тарта Бишкек ТЭЦке көмүр ташылат. Жардыруудан кийин көмүрдүн катмары жабылып калгандыктан турмуш-тиричилик үчүн керектөөгө ылайыктуу иргелген көмүр 15-январдан тарта Бишкекке келе баштайт”, — дейт ишкананын маалымат кызматы.

Ошондой эле жардыруудан кийин көмүрдүн запасы кеңири болуп, кара алтынга тартыштык жаралбай турганы белгиленет.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости