www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф бейшемби күнү Москвага барып, Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышарын билдирди. Бул тууралуу arabnews жазып чыкты.
Ал бул тууралуу Давосто өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумдагы жыйында айтып, сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыштар боло тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, азырынча бир гана акыркы маселе калган.
- Эгер эки тарап тең бул маселени чечүүгө даяр болсо, анда биз аны чече алабыз», — Уиткофф.
Ошондой эле ал Украинада эркин соода аймагын түзүү өлкө экономикасы үчүн маанилүү фактор боло тургандыгын кошумчалады.
Бейшемби күнү Кремль Уиткоффтун дипломатиялык аракеттерин жогорку баалаганын билдирген, бирок келишим жакын арада түзүлөт деген оптимисттик билдирүүгө комментарий берген жок.
Эске сала кетсек, Уиткофф жана АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Джаред Кушнер ошол эле күнү Москвада Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүүдө. Кремль жолугушуудан кийин брифинг өтө тургандыгын кабарлады.