www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жашыл экономикага инвестицияларды тартуу боюнча чаралар жөнүндө (отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү долбоорлор)» Жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан.

Азыркы учурда тарифтер Министрлер кабинети тарабынан улуттук валютада аныкталат. Мыйзам долбоору менен отун-энергетика комплекси чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууда чет өлкөлүк валютада бааларды белгилөө мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталууда. Бул Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга оң таасирин тийгизет жана жалпысынан өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртат.

Муну менен катар мыйзам долбоору менен ЭКБ үчүн чектүү тарифтин колдонуу мөөнөтүнүн жеңилдетилген мезгилинин түшүнүгүн тактоо сунушталууда, ошондой эле долбоорлорду тандоо жана тарифтин чектик деңгээлин төмөндөтүү аркылуу тарифти аныктоо механизми катары «аукцион» термини киргизилүүдө. Бул тандоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана долбоорлордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө өбөлгө түзөт.

Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов ЭКБ субъекттери тарабынан электр энергиясын сатуудан түшкөн каржылык кирешелердин көлөмүнө кызыкса, эл өкүлү Талайбек Масабиров сунушталып жаткан аукцион өткөрүү ченемдерин тактады.

Андан тышкары, депутат Бахридин Шабазов ЭКБ пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясын кепилденген сатып алууда 1,3 өлчөмүндөгү коэффициентти жокко чыгаруу инвесторлордун кетишине алып келбейби деген суроону узатты.

Депутат Куванычбек Конгантиев сунушталып жаткан өзгөртүүлөр инвесторлор үчүн шарттарды начарлатпоого тийиш экенин белгилеп, экинчи окууга чейин жогорулатылган туруктуу коэффициентти жокко чыгаруунун себебин тактап жазууну сунуштады.

Последние новости