www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жарандардын киреше-чыгашасын аныктоо боюнча декларация толтуруу жараяны башталды. Мамлекеттик кадр кызматы бүгүн кабарлагандай, бул өнөктүк эки этапта жүрүп, 1-апрелге чейин уланат. Маалыматка ылайык, 1-мартка чейин декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүп Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин декларация тапшырышы керек.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке адамдарга эки миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат - деп жазат Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости