www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия менен Украина ортосундагы байланыштарга ишкер Роман Абрамовичтин катышуусун эки тарап тең жактырганын орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. «Эки тараптын ортосундагы байланыштарды ишке ашыруу үчүн, тиешелүү түрдө эки тараптан тең макулдук алуу зарыл, ал эми Абрамович боюнча бул жактыруу эки тараптан тең болду.
Роман Абрамович орусиялык жана украиналык тараптардын айрым байланыштарын камсыздоого катышып жатат жана ал делегациянын расмий мүчөсү эмес. Бирок Ыстамбулга бүгүн ал биз тараптан барды», - деди Песков.
Шейшембиде Абрамович Долмабахче сарайында Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Ыстамбулда Орусия менен Украина ортосундагы сүйлөшүүнүн катышуучуларын куттуктап жаткан учурга катышкан видео тараган.
Эске салсак, The Times гезити 28-марттагы санында Абрамович орус президенти Владимир Путинге украиналык кесиптеши Владимир Зеленскийдин нотасын тапшырганын жазган. Анда, басылманын айтымында, Украинанын тынчтык келишиминин шарттары боюнча туруму көрсөтүлгөн.
Орусия менен Украинанын биринчи сүйлөшүүсү Беларустун Гомель облусунда 28-февралда болгон. Андан кийин 3 жана 7-мартта уланган.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg