www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын экономикалык жана каржылык санкцияларына кабылган орусиялык туристтик агенттиктер өлкө жарандарына Visa жана Mastercard банк карталарын ачуу үчүн Өзбекстанга атайын туристтик пакеттерди сунуштап жатышат.

Өз ичине Москва жана Екатеринбург шаарларындагы туристтик агенттиктерди камтыган Vedi Group компаниясы Өзбекстанга үч күндүк турларды уюштура баштаганын жарыялады. Ага ылайык, орус жарандары ал жактан Батыштын санкцияларынан улам учурда өлкө ичинде жеткиликсиз болуп жаткан Visa жана Mastercard караталарын ачтыра алат.

Vedi Group'тун кызматкерлеринин бири Өзбекстанда мындай карталарды "Капитал-банкта" ачса болоорун, бул үчүн болгону Орусиянын паспорту гана талап кылынаарын билдирди.

– Сапар 23 миң рубль турат. Бул суммага Visa жана Mastercard карталарын ачуу үчүн документтерди топтоо чыгымдары да кирет. Карталар Өзбекстандагы "Капитал-банкта" ачылат. Ал жактан биздин кардарларды атайын өкүлүбүз тосуп алып, жардам берет. Карта алуу үчүн орус паспорту жана 80 миң сум (7 доллар) талап кылынат. Буга болгону бир саат убакыт кетет", - деди компания өкүлү.

6-мартка караган түнү Visa жана Mastercard төлөм системалары Украинада согуш баштаганы үчүн Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотконун билдиришкен. Мындан улам орусиялыктар төлөмдөрдү төлөө жана чет өлкөлүк интернет дүкөндөрдөн товарларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Мындан тышкары орусиялыктар үчүн Google Pay жана Apple Pay да иштебей калган.

"Капитал-банктын" Ташкендеги борбордук кеңсесинин кызматкери орусиялыктар бул банктан эсеп ачып, Visa жана Mastercard карталарын алса болоорун ырастады.

– Өзбекстанга мындай атайын турлар уюштурулганы жөнүндө маалыматым жок. Бирок орусиялыктар биздин банктан эсеп ачып, карталарды алса болоору анык. Бирок бул үчүн орус паспортунан тышкары Өзбекстанда убактылуу же туруктуу жашаган жеринен маалым-кат жана 80 миң сум керек болот. Мындан тышкары, кардардын банк эсебинде ай сайын 500 доллардан кем эмес каражат болуп турушу шарт", - деди банк кызматкери.

Грузия орусиялыктарга 1-марттан 31-мартка чейин өлкө банктарында эсеп ачууга тыюу салган. Армения банктары эсеп ачуу үчүн алардан алты айлык ижара келишимин талап кылууда. Түркия эсеп ачууну каалаган орусиялыктардан эсебине 5 миң доллар өлчөмүндө депозит салууну талап кылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости