www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ишкер Роман Абрамович Орусиянын президенти Владимир Путин тарабынан дайындалган сүйлөшүүчү катары Ыстабулга келди. Бул тууралуу Түркиянын президентинин өкүлү Ибрагим Калын билдирди, деп маалымдайт ТАСС. Анын айтымында, антпесе ал санкцияга кабылган бардык ишкерлердей эле, Түркиянын аймагына кире албайт болчу. «Абрамович Түркияга сүйлөшүүчүлөр тобунун курамында келди. Ал Путин тарабынан сүйлөшүүчү катары дайындалган адам катары келди», - деди Калын.
Мурдараак маалымдалгандай, Абрамович бүгүн, 29-мартта, орус-украин сүйлөшүүсүнүн кезектеги этабы өтүп жаткан Стамбулга келип, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен делегациялардын жолугушуусунун алдында сөз сүйлөдү. Сүйлөшүүнүн чоо-жайы кабарлана элек.
Эске салсак, The Times гезити 28-марттагы санында Абрамович орус президенти Владимир Путинге украиналык кесиптеши Владимир Зеленскийдин нотасын тапшырганын жазган. Анда, басылманын айтымында, Украинанын тынчтык келишиминин шарттары боюнча туруму көрсөтүлгөн.
Орусия менен Украинанын биринчи сүйлөшүүсү Беларустун Гомель облусунда 28-февралда болгон. Андан кийин 3 жана 7-мартта уланган.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg