www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Төө-Ашуу, Жалал-Абад облусунун Ала-Бел жана Талас облусунун Өтмөк ашууларында аба ырайы турукташканга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларынын айланасындагы жолдордо кар күрткүлөрү (катуу, көрүүнүн чектелиши) байкалууда. Ашуулардагы жолду тазалоого бардык керектүү техника тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө.

ЖКККББ айдоочуларды - жанында дөңгөлөктөрдү курчап ала турган кар чынжырын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого, тыгын болгон жерге атайын техниканын барышына тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метрден кем эмес аралыкты сактоого чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости