www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катары жарандар менен жолугушуулардын биринде УКМК кызматкерлеринин бирине орой мамиле жасап, жетекчисин кызматтан алуу боюнча талап койгону коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

“УКМК өзүнчө мамлекетпи? Кызматтан кетсин!” деген өңүттөгү билдирүүсү коомчулук тарабынан опузалуу жана эмоцияга алдырган аракет катары бааланууда.

Мындай учурда мыйзамдуу суроо жаралат: облус өкүлүнүн УКМК кызматкерин кызматтан алуу боюнча түздөн-түз талап коюуга укугу барбы? Мамлекеттик кызматтагы адамдар ар бир сөзүнө жана аракетине жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. Эл алдында кызмат адамдарынын кыйкырып, басым көрсөтүп сүйлөгөнү мамлекеттик маданиятка туура келбейт.

Кыргызда “Демиккен таз, демиңди бас” деген кеп бекеринен айтылган эмес. Эгер бийликтегилер өздөрү эмоцияга алдырып, опуза менен сүйлөсө, анда карапайым жарандардан сабырдуулукту жана сый-урматты талап кылуу кыйын болуп калат.

Последние новости