www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун системасынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле туруктуу өнүгүү, социалдык колдоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана экология тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Улан Маматканов БУУнун агенттиктеринин Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого кошкон олуттуу салымын белгилеп, артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдирди.
 Өз кезегинде Антье Граве БУУнун системасынын өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди колдоого жана өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү кызматташтыкты жана биргелешкен программалар менен долбоорлорду ишке ашырууну улантуу ниетин ырасташты.

Последние новости