www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев тарабынан жарандарды кезектеги жеке кабыл алуу өткөрүлдү.

Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар социалдык камсыздоо, эмгек укуктары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан бир катар актуалдуу маселелер менен кайрылышты.

Тактап айтканда, “санарип көчмөн” макамына байланышкан маселелер, Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын 40 жылдыгына арналган иш-чараларды талкуулоо, санаторий-курорттук дарыланууга жолдомо алуу, ошондой эле майыптык алуу маселелери каралды.

Ар бир кайрылуу боюнча министр тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө маселелерди дыкат кароо жана зарыл көмөк көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Эмгек министрлиги жарандар менен ачык диалог жүргүзүү жана түшкөн кайрылууларды ыкчам кароо багытындагы иштерин улантат.

Последние новости