www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«...Демократия иш жүзүндө фашизмге салыштырмалуу өтө коркунучтуу жамандыкка айланып баратат. Анын эң коркунучтуулугу, бул жерде жатат, каардуу жырткыч эч кимге билинбей терисин өзгөртүп алган. Демократия үчүн чыныгы күрөшкөндөрдү «алар эмне жасап жатышкандарын түшүнүшпөйт» -дешип, түркөйлөр деп акташат.

Алар болуп жаткан чындыкка түшүндө көрүп жатышкандай мамиле жасашып, көз жумуп коюшкан. Фашизм жок дегенде өзүнүн жасай турган нерселерин ачык жарыялашкан, ошондуктан андан коргонуу үчүн адамдарда мүмкүнчүлүк бар эле. Ал эми демократия илимий жактан тастыкталган укмуш кооз жана дайыны жок сөздөргө жамынып алышып, өзүнүн түпкү маңызын жашырып турат.

Демократия: «Же сен жен, болбосо сени жейт» -деп ачык айта албайт, болбосо: «Алсызды тала!» - деп айтууга дити барбайт. Мунун ордуна алар атаандаштык жана адамдардын укуктары деген сөз кийирип коюшкан.

Демократия адамдардын маңдайына келип: «Адам адамга душман» - деп ачык айта албайт, анын ордуна инсандын укуктары тууралуу көбүрөөк кеп кылат. Адамзаттын саны көбөйүп бара жатканда болуп жаткан күрөш убагында балдардын төрөлүүсү азайып бара жатканы тууралуу жана жаштардын пландуу деңгээлде бузулуп бара жатканы боюнча ооз ачышпайт.

Булардын ордуна сексуалдуу сабаттуулукка барышыбыз керек жана балдардын укугун коргойбуз дешип кан-какшап турушат. Демократия –бул чыныгы коргоонусу жок наристелердин эти менен тамактанган, кой терисин жамынган карышкыр.

...Социалдык каннибализмди (адам эти менен тамактангандарды) ачыкка алып чыккандарды жактап чыгышкан демократиянын догматтары көптөгөн батыш окумуштуулары тарабынан ачык эле сынга алынып келген. Бирок мээси тескери айланып бараткан көпчүлүк массалык маалыматтарды атайын аларды мээ кайкыга айлантуу үчүн түзүлгөн клиптер менен лозунгдардан алууга умтулуп жатышат, айбандардын жүрүш-турушуна окшогон жашоо–турмуш чыныгы турмуш алдында жашыруун калып жатат.

Окумуштуулардын эмгектерин көпчүлүк окубайт, келечекте да окушу толугу менен мүмкүн эмес. Коркунучтар келе жатканын билип турган адамдар, бул тууралуу түшүнүп турган адамдарга гана түшүндүрүп жатат. Мунун барын көпчүлүк массага жеткизиш үчүн, китеп жазуунун деле кереги жок, кимдир бирөөгө өз пикириңди жеткиза ала турган жолдорду издеш керек. Массага сериалдар, шоу, мультипликациялар керек, бирок китептин кереги жок. Башкысы, ушул продукцияларды чыгарып жаткандын колунда Рынок турган мезгилде, алар адамзаттын акыл-эсин адамкерчиликсиз, адамзатка каршы багытталаган ачыткылар менен сугара берери бышык.

Демократия – эч бир мамлекетте жок! Демократияны эңсеген мамлекеттер жок болуу коркунучунда турса, демократияны эңсегендер булар – маңкурттар!

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости