www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Демократия деген эмне?

Демократия деген – бул кыргызча айтканда адамдардын бири-бирин түшүнүп, билүүсү, өз милдеттерин жана укуктарын түшүнүп, билүүсү, бийликтүү менен менен бийликсиздин, акчалуу менен акчасыздын, аял менен эркектин, билимдүү менен билимсиздин бири-бирине болгон теңаталыгы жана ар кимисинин өзүлөрүнүн милдеттерин өлкө алдында, эл алдында, коом алдында, коллектив алдында, үй-бүлө алдында, жеке өзүнүн алдында таанып, билүүсү жана ошого жараша чечим чыгарып жашап, эмгектенүүсү – ойлоп, сүйлөп, иш кылуусу-кыймыл аракет жасоосу болуп эсептелет.

Демократия өкүм сүрүп турган жерде тартип, тазалык, ишкердүүлүк, ишмердүүлүк, өз ара түшүнүүчүлүк, бир туугандык, теңаталык, мээримдүүлүк, тактык, калыстык, адилеттик өкүм сүрүп турат да Демократиянын принциптери ошол Демократияны колдонуп, пайдаланган өлкөнүн эли аркылуу ошол өлкөнүн көз карандысыздыгын, эркиндигин, теңдигин, бүтүндүгүн, келечегин, коргоп, колдоп турат.

Демократия бузулган жерде – өлкөдө тартип бузулуп, ырыс-ынтымак качып, уруш-талаш-күчөп, өсүп-өнүгүү токтоп, өлкө саясий кризиске капталып-кептелип, экономикалык кризис тереңдейт.

Азыр кыргызда жасалма, таңууланган Демократия өкүм сүрүп, чет элдиктердин план-программасына ылайыкталган иштер жүргүзүлүүдө.

27.08.2002-жыл.

Абдымамбет Сариев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости