www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тунисте нааразылык акциясына чыккан жүздөгөн адамдар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылышты. Бирок, коопсуздук күчтөрү ага жол беришкен жок.
Ал эми 26-январдагы митинг ай башында тутанган демонстрациялардын эң ириси болуп калганы айтылууда.
Белгилей кетсек, бир апта мурда демонстранттар полиция менен кагылыша кетишип, бир адам каза болгон, көбү камалаган. Көчөгө чыккандар «Парламент жоголсун» деген ураандарды чакырышып, өкмөттөгү кадр алмашууларга жана экономикалык кризиске нааразылыгын билдирип жатышты. Алар ошондой эле кармалган демонстранттарды бошотууну талап кылышты.
Эскерте кетсек, 26-январда өкмөт башчы Хичем Мечичи сунуштаган жаңы министрлер кабинетин президент Кайс Сайед жактырбай койду. Тунистеги саясий чыңалуу экономикалык кризистин күчөшүнө түрткү болду. Пандемия башталгандан бери бул өлкөнүн экономикасы сегиз пайызга кыскарган.
Быйыл январда «Араб жазынын» тутанткан Тунистеги революцияга он жыл болду.
Булак: NazarNews.kg