www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмомали Рахмон дыйкандарды жер салыгынан бошотту

Тажикстанда бардык дыйкан чарбалар бир жылдык жер салыгынан бошотулду. Мындай буйрукка президент Эмомали Рахмон кол койгон. Ал салык органдарына бюджетти толтуруунун башка жолдорун карап чыгууну тапшырган.

«Азия Плюс»н басылмасынын маалыматында Эмомали Рахмон өлкөнүн парламентиндеги кайрылуусунда дыйкандарды жер салыгынан убактылуу бошотуу темасын козгогон. Мындай жол менен калктын тамак-аш коопсуздугун камсыздоо жана тамак-аштын импортун кыскартууну көздөп жатат.

Тажик президентинин айтымында мамлекет дыйкандарга бир гана салыкты убактылуу жоюу менен көмөкчү боло алат. Мындай кадамга баруу өлкөнүн казынасына 17 млн долларлык чыгым экенин да эскертип өткөн.

Рахмон белгилегендей, 2021-жыл тамак-аш коопсуздугу коркунуч туудурат. Ал калкты тамаркаларын (чарбак) туура пайдаланып, азык-түлүктү камдап алууга чакырды.

«Менин кайрылуумду олуттуу кабыл алгыла жана мага ишенгиле, эмгектенгиле. Эч кимге ишенбегиле. Бул жылы калкты жетиштүү тамак-аш менен камсыздоо кыйынга турат. Мындан улам өкмөт жалаң ушул багытта иш алып барып, калкка жардам беришибиз керек», — деп кошумчалаган Рахмон.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости