www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Украинадагы атайын операциясы АКШнын эл аралык таасиринин азайышына жана Вашингтондун обочолонуп калышына алып келди. Бул туурасында Питтсбург университетинин профессору Дэн Коваликтин маек берип жатканда айтканын РИА Новости жазды.
"Менимче, АКШ обочолонуп калды. Орусиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан тарта АКШнын дүйнөлүк алкактагы таасири азайып, ал эми Орусияныкы артты деп ойлойм", — деген укук коргоочу.
Профессор БУУнун Коопсуздук кеңешинде Газа тилкесиндеги сүйлөшүүлөр боюнча добуш берүүнү далил катары келтирген. Ковалик тараптарга согуш отун өчүрүү туурасында салынган чакырыкка жалгыз АКШ каршы чыкканын айтты. Ал Жакынкы Чыгыштын мамлекеттери Штаттарды сыйлабай калганын жана келечегин Россия, Кытай менен байланыштырып жатканын белгиледи.
Укук коргоочу Жер калкынын арбын бөлүгү жайгашкан мамлекеттер Орусияны колдогонуна токтолуп, Вашингтондун союздашы делген өлкөлөр чындыгында АКШнын саясатына макул эместигин кошумчалады.
Коваликтин пикиринде, АКШнын таасиринин төмөндөшү Американы башкарып турган элитанын акыл жөндөмүнүн азайышына да байланыштуу. Юрист АКШнын президенти Жозеф Байден, Мамлекеттик депратаменттин башчысы Энтони Блинкенди Владимир Путин (Орусия президенти) жана Сергей Лавров (РФ ТИМ жетекчиси) менен салыштырууга болбостугун белгилеген.
"АКШ дүйнөлүк лидер катары чыга албай калганын көрсөттү, бул үчүн аларда интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөр жетишпейт. Аны дүйнө жүзү деле көрүп турат", — деди Ковалик.
Путин мурдараак Москва дүйнөлүк тартипти орнотууга кадам таштап, Орусиянын позициясы көптөргө жаккандыктан Батыштын Орусияны четтетүү аракети ордунан чыкпай калгандыгын билдирген.
Булак: NazarNews.kg