www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу өткөн аптада Бишкектеги "Орто-Сай" жана “Дордой” базарларында салык чогултууга жооптуу болгон салык кызматкерлери кармалганын маалымдаган. Аларга “ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурган” деген айып коюлууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кара-Суу базарынын ишкерлеринен жана соодагерлерлинен опузалап акча талап кылууга шектелип, бир нече салык кызматкери кармалганын маалымдады.
Мекеменин басма сөз кызматы 18-декабрда тараткан маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору Т.А., Э.А., У.Б. жана А.А. 15-декабрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg