www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Памирден келген этникалык кыргыздарга 82 млн сом бөлүндү

Памирден келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик бюджеттен 82 миллион сом бөлүндү. Бул 2022-2024-жылдары Афганистандын Кичи жана Улуу Памиринен келген этникалык кыргыздарды колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча Министрлер кабинетинин программасынын негизинде ишке ашты.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, этникалык кыргыздарды тамак-аш, кийим-кече, дары-дармек жана башка тиричилик буюмдары менен камсыздоо үчүн Оштун Чоң-Алай районунун жергиликтүү бюджеттине мамлекеттик бюджеттен 2 млн сом бөлүндү.

Ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кичи жана Улуу Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн турак жай курууга мамлекеттик бюджеттен 80 млн сом каралган. Бүгүнкү күндө бул сумма толугу менен бөлүндү, деп маалымдады Финансы министрлиги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости