www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык фонд Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чогулган каражатты Президентинин иш башкармалыгына өткөрүп берди. Мындай токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-декабрда кол койгон жана каражатты 2023-жылдын 31-декабрына чейин өткөрүп берүү милдеттендирилген.
Президент Садыр Жапаров ноябрда 2028-жылга чейин Кесиптик кошуундар федерациясына Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун эсебинен санаторийлерге жолдомо берүүгө мораторий киргизген.
Анын жарлыгында фондго түшкөн каражат мындан ары санаторийлердин курулушуна жана аларды оңдоого, алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалары жазылган. Ошондой эле Кесиптик кошуундар федерациясына 2023-жылдын аягына чейин алардын менчигинде турган санаториялык-курорттук мекемелердин баарын Президенттин иш башкармалыгына убактылуу акысыз пайдаланууга берүү сунушталган.
Садыр Жапаров анын алдында бул федерациянын ишин сынга алып, Башкы прокуратурага жана Эсеп палатасына мыйзамсыз сатылган объектилер менен жер тилкелерин ирээтке келтирүү тапшырмасын берген.
Соңку бир нече жылдан бери федерацияда ички тиреш басылбай, түрдүү нааразылык акциялары уюштурулуп келген. 2020-жылы федерация мүчөлөрү эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашкан. Жалпысынан өлкөдө 26 тармактык жана облустук профсоюз бар экени айтылган.
Булак: NazarNews.kg