www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евразия регионунун өлкөлөрү түркиялык инвесторлор үчүн чоң артыкчылыкка ээ. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) докладында айтылат.
Аталган аймактагы мамлекеттердин өз ара инвестициясынын басымдуу бөлүгү Кытай жана Түркияга туура келет.
"Түркия менен өз ара түз инвестициянын көлөмү жылдык орточо көрсөткүч менен 13 пайызды түзөт, ал эми Кытайга болгону 3,2 пайызы туура келет. 2016-жылга салыштырмалуу Түркия менен байланыш 2,3 эсе өсүп, долбоорлордун саны 99дан 172ге жетти", — деп айтылат докладда.
Түркиялык инвесторлордун өзгөчө Борбор Азия аймагында активдешкени белгиленген. Бул өлкөдөн салынган акча дээрлик бардык тармакка жумшалат, ошентсе да кайра иштетүү жана чийки затка көбүрөөк басым жасалып келет.
"Евразиялык регион түркиялык инвесторлор үчүн артыкчылыкка ээ. Түркиянын ЕАЭБге түз жасаган инвестициясы 2017-жылдагы 1,6 пайыздан 5,1 пайызга чейин өстү", — деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg