www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Керман шаарындагы терактка тиешеси бар деген шек менен бир нече адам кармалды. Бул тууралуу кечээ, 5-январда Ирандын ички иштер министри Ахмад Вахиди билдирди.

Маалыматка ылайык, генерал Касем Сулейманинин күмбөзүнүн жанында болгон эки жардыруудан кеминде 103 киши каза болуп, 300дөн ашуун адам жарадар болгон.

Жардыруу 3-январда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы Касем Сулейманини эскерүү аземинде болгон. Биринчи жардыруу Сулейманинин күмбөзүнөн 700 метр алыстыкта, экинчиси бир чакырым алыстыкта болгон.

Буга чейин маалымат каражаттары ИГИЛ Ирандагы теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганын жазышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости