www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин Патрис Лумумба көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки (түштүк тарабы) тилкесинде жайгашкан объекттерди демонтаждоо иштери башталды.
Шаар мэриясынын комиссиясынын чечими менен 13 чарба субъект менен түзүлгөн келишимдерди токтотуу каралган. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 10 объект боюнча келишимдер буга чейин токтотулган, калган 3 объект боюнча акыркы чечим күтүлүүдө.
Белгиленгендей, өткөн жылдын кыш мезгилинде Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан билдирүү баракчалары берилип, ээлеп турган аймакты ыктыярдуу бошотуу үчүн жазга чейин мөөнөт берилген.
Демонтаж иштери аяктагандан кийин бошотулган аймакта жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү пландалууда.

