www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айбек Абдымомунов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма-сөз кызматы билдирет.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Абдымомунов Айбек Тынчылыкович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Эске салсак, ушул жумада президент Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизди. Эми спортту жана дене тарбияны өнүктүрүү менен өзүнчө агенттик алектенет.

Последние новости