www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий серепчи Денис Бердаков преидент Садыр Жапаровдун бүгүнкү кайрылуусунда Кыргызстандын кризистик кырдаалдан чыгуусу тууралуу сөздөр камтылган деп эсептейт.

«Көп жылдардан бери президенттердин кайрылуусунда мынчалык кызыгып окуй турган нерселер жок болчу. Ал аябай көлөмдүү болсо да өтө конкреттүү.

Тактап айтканда, анын бир нече мүнөттүк кайрылуусунан биз көйгөйлөрдү жана анын чечүүнүн жолдору тууралуу кеңири түшүнүк ала алабыз. Бул сейрек кездешүүчү нерсе.

Анын дагы бир өзгөчөлүгү – эл алдында жана өз абийири алдындагы чынчылдыгы. Отуз жыл аралыгындагы топтолгон көйгөйлөр так сүрөттөлгөн. Мамлекетттин басым астында турушу, мамлекеттик институттардын алсыздыгы, тышкы карыздын көптүгү мамлекеттик кызматтардын коррупциялашкандыгы так, даана айтылган.

Бирок кыргыз эли кылымдар бою маданиятын, каада салтын жоготкон жок деген түшүнүк бар. Менин көз алдымда кылынган көп иштер турат, анын баары кризистик кырдаалдан чыгуу үчүн жасалган.

Кайрылууда «Түштүк-Чыгыш Азиянын жолборстору» басып өткөн жолдор көрсөтүлгөн, ал тажрыйба кандайдыр бир нерсеси менен Израиль, Эстония мамлекеттериникине окшоп кетет.

Биринчиси – бул салттуу маданиятка таянуу. Экинчиси – жеке капиталсыз мүмкүн эмес, инвестицияны ичтен да, сырттан да коргоого алуу керек.  Үчүнчү – санариптештирүү. Төртүнчү – ИИМ жана бийлик органдарына болгон ишеним.

Башкача айтканда, акыркы 50 жылдан бери чакан мамлекеттер колдонуп келаткан ыкма, кызыктуу симбиоз сунушталды. Биз мисалга Швейцария сыяктуу көптөн бери өнүгүп жашап жаткан өлкөлөр тууралуу сөз кыла албайбыз.  Биз Сингапур, Эстония жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери тууралуу айтабыз.

Мамлекет кайсыл жери керексиз болсо, кайсы жери коррупциялашкан болсо ошол жактын баарынан баш тартат. Биздин рынокко кызмат көрсөтүү, технология, капитал, IT өнүгүү паркына жол бошотот. Айтмакчы, парк президент тарабынан жакшы эске салынды, мунун баары көп деталдарды, көлөмдү жана конкретиканы көрсөтөт», - дейт талдоочу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости