www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай экономикалык оор кырдаал мага чейинки бир дагы Президенттин шыбагасына жазылган эмес, ал тургай казынаны 20 млрд дефицити менен кабыл алдым. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы конституцияны кабыл алуу аземинде, түз эфирде билдирди.

--"Атпай журт айттырбай туюп, көрүп билгенди мен да билип турам. Ошол эле учурда азыркыдай экономикалык оор кырдаал, кризистик жагдай, мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес. Эңшерилген экономика, түбү түшкөн казына, ал тургай казынаны 20 млрд дефицити менен кабыл алдым. Анысы аз келгенсип, пандемиянын кесепетинин баардык өлкөлөр менен карым катнаш, соода сатык бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат. Мен өткөндү жамандап, акаарат айтып күнөөлүүлөрдү издегим келбейт. Данышман элибиз кимдин ким экенин ансыз деле жакшы билет", - дейт Жапаров. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости