www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Согуштун тез арада токтогону абдан маанилүү болду”, - деди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, эксперт-конфликтолог Зайырбек Эргешов.

--“Тажик тараптын Кыргызстандын аймагына басып кирип, куралсыз жай тургундарга кол салып адам өмүрүн кыюусу дүйнөлүк коомчулукта агрессия катары бааланып жатат. Себеби ондогон адамдар каза болду, жүздөгөн адамдар жараат алды, үйлөр күйдү, көп объектилер кыйрады. Бул биз үчүн абдан чоң кайгы.

Эң башкысы, согушту токтотуп калуу аракети болгону жана анын токтогону абдан маанилүү. Себеби, чек арадагы согуш оту Кыргызстанда эле эмес, жалпы Орто Азиянын мамлекеттерине да жайылып кетүү коркунучу бар эле. Ошондуктан согуштун токтогону абдан маанилүү. Ал эми дүйнөлүк мерчемден карасак, Жакынкы Чыгышта, Афганистанда, Кавказда, Украинада, Донбасстагы куралдуу жаңжалдар бир нечелеген айларга, жылдарга узарып кеткенин көрүп жатабыз. Бул окуялар миңдеген адамдардын өлүмүнө себепкер болууда”, - дейт эксперт.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости