www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калдарбек Койлубайтегин: «НПОлор деле зомби-аскерлер»

«НПОлордо элдин маанайы, кырдаалдын курчтугу деген түшүнүк жок, атайын берилген буйрук бар», - деди бүгүн, 5-майда NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Калдарбек Койлубайтегин.

«Адамдын организминде деле артык баш сокур ичеги дегени бар, жаныңы кашайтканды кестирип жок кыласың. НОПлор кудум ошондой артыкбаш бирдеме кыргыздын организминде. Ошолордун сөзүн укса бир жөн, алардын кураторлорун гана угушат. Ошолор жасайт саясатты. Каражат кимдин колунда болсо, ошол кожойун.

Же биздеги НПОчулар өз алдынча акча жасоочу станогу бар, чындык үчүн башын сайгандары жок... НПОчулар бүгүн кыргыз бийлигинин короосуна гана котур ташын ырыгытат. Бүттү. Анан калыс болобуз деп тажиктерди да мактап өтүшөт, жарага туз сээп... НПОлордо элдин маанайы, кырдаалдын курчтугу деген түшүнүк жок, атайын берилген буйрук бар. Ошону аткарышат.

Алар деле зомби-аскерлер. Бүгүнкү маалымат согушун кандай жүргүзбөгүн, баары бир АКШ, Кытай, Орусия, Түркиянын гана көз карашы аркылуу чечилет. Ошол фейктер аркылуу бүтүм чыгаруудан чочуп турушат алар деле. АКШ менен Орусия, Түркия менен АКШ, Кытай менен АКШнын ар башкача көз карашы бар. Ошон үчүн ал маалымат согушунан жыйынтыгынан кабатыр деле болбогула.

Каалагыныңдай бурмаланып калат кожойундарына жеткенде... Кайран төгүлгөн тыйындар... Баары кара кылды как жарайын деп эмес, тыйын үчүн жүгүрүп калбадыбы. Бүгүн деле ошол», - деп билдирди Койлубайтегин.

Булак: NazarNew.kg

Последние новости