www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Денис Петрашов АКШда дагы бир алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов АКШда өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча эл аралык турнирде дагы бир алтын медаль утту.

"TYR Pro Swim Seriesтин" кезектеги этабы ушул күндөрү Форт-Лодердейл шаарында (Флорида штаты) өтүүдө.

2-майда Денис Петрашовдун катышуусунда 50 метрге брасс стилинде финалдык сүзүү болуп өттү. Кыргызстандык спортчу 26,94 секунд убакыт менен биринчи болуп келди жана алтын медаль жеңип алды.

Буга чейин ушул эле мелдеште Петрашов 100 метрге брасс стилинде алтын медаль уткан.

3-майда кыргызстандык спортчу дагы 200 метрге брасс стилинде сүзөт.

Последние новости