www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Примовдор көмүрдү эки цемент заводго ташып, анан Өзбекстанга дагы экспортко чыгарып жатат. Норма боюнча жүк ташуучу унаалардын 6 октуусу 44 тонна, 5 огу бар унаалар 38 тоннадан ашыкча жүк жүктөй албайт. Улан Примовдун 150гө жакын оор жүк ташуучу унаасы Сары-Могол айылындагы көмүр кенден күн сайын кара алтынды ченемден ашыкча жүктөп ташыйт. Ош - Сарыташ - Карамык жолу 2-3 жылда толук жараксыз абалга келиши мүмкүн. Буга Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун атасы Бердибай Примовдун оор жүк ташуучу автоунаалары ченемден ашыкча жүк менен жүргөнү себеп болууда. Ошондуктан эл аралык маанидеги жолдун абалы күндөн күнгө бузулуп жатат. Мындан улам, Примовдордун мыйзамсыз иштерин токтотуу зарыл.

Жолдун бузулушу боюнча бир канча далилдер бар. Талдык ашуусундагы жолдор бузулуп кейиштүү абалда бара жатат. Бул барыш менен жакынкы эки-үч жылда ошол Ош - Сарыташ - Карамык жолу толук жараксыз абалга келиши мүмкүн. Бүгүнкүдөй, мыйзам бузуулар, жолдун талаптарды аткарбай, чөнтөктөрдүн үстүндө иштеп жаткан аткаминерлерге карсак, жол тез эле жараксыз болуп калат. Эртең ошол жолдон Улан Примов эмес, бүтүндөй, Чоң-Алай, Алай эли каттайт. Ал жакка көмүр бүткөндөн кийин Улан Примов басып деле барбайт. Элдин келечегине, эл пайдалануучу жолду сактоонун ордуна, кайра талкалап  жатат.

Ош - Сарыташ  - Карамык жолунда Кытайдан келе жаткан жана Тажикстанга кетип жаткан оор жүк ташуучу унаалар дагы ченемден ашыкча жүк жүктөп, жолду бузуп жатат. Ошондой эле жүк ташуучу унааларды тарткан Оштогу таразачылар коррупциялык иштерди кылып жатканы чындык. Талдык ашуусу «Ош Пирим Транстын» жүк ташуучу жолуна айланган. Көмүр ташыган «Пэрити-Коал» жоопкерчилиги чектелген ишканасы жолду жеп бүттү.  

Ош аймактык автотранспорт башкармалыгы 2019-жылы жай мезгилинде ченемден ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга 993 миң 500 сом айып пул салынганын билдирди. Андан кийин жаңы кодекстер киргизилип, айып пул салуучу мыйзамды өкмөт алып койгонун айтты. Мурда токтом жазып туруп, эгер жүгү ашыкча 45 тонна жүк менен кетип жатса 10 миң сом айып пул бар эле. Анан 1-январда жаңы кодексте ал беренени алып коюшту. Азыр эми штраф сала албай калышты. Бирок жакында кайрадан өкмөттө иштелип чыгып, кайрадан депутаттар ошону кайтарып берип жатат. Кайра айып пул салына башташы мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости