www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Ушул жылы Тажикстанда 14 миңге жакын  кыз боюнан алдырган. Көпчүлүк кыздардын жашы 15 жаштан 19 жашка чейин болгон. Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул жагымсыз статистика өткөн жылга салыштырганда быйылкы жылы төмөн экендигин билдирген. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Дарыгерлер кыздардын көпчүлүгү ата-энесинен коркуп, гинекологдорго жана ден соолукту чыңдоо борборлоруна кайрылган эмес. Мындай кесепеттер артка кайткыс, тукумсуздукка алып келээрин алар  ойлогон жок, -дешет.

Эксперттердин айтымында, тажик аялдарынын боюнан алдыруусуна  миграция, канааттандырбаган жашоо шарттары, экономикалык факторлор түрткү болоорун, ошондой эле никесиз боюнан алдыруу көп болоорун  баса белгилешет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикасына ылайык, жыл сайын дүйнөдө 50 миллион аял боюнан алдырат. Тажикстандын 9 миллион калкынынын басымдуулугун аялдар түзөт, алардын ичинен 2 миллиону репродуктивдик жаштагы аялдар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости