www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 13-ноябрда NazarNews.kg сайтында “Лейлектин контрабандисттери чек араны шылтоолоп шылуундук кылгысы келеби?” – деген макалабыз жарык көргөн. Анда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин доорунда “серый кардиналга” айланып, контрабандадан тарта кадр саясатына чейин аралашкан Икрамжан Илмияновдун убагында ага жакын адамдар тайраңдап, көпкөндөр көөп кеткендиги айтылып, алардын катарында Баткен облусунунун Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Шаирбек Орозалиев тууралуу сөз болгон. Анда ал контрабандалык жол менен күйүүчү жана майлоочу майлар менен шугулданып, далай мыйзамсыз иштерин Икрамжан Илмияновдун колдоосуна таянып жасап жүргөндүгү баяндалган.

Бул макаладан кийин кеңсебизге Баткен облусунунун Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Шаирбек Орозалиев өзү келип, аталган макалага жообун берип кетти.

- Макалада сиздин атыңыз аталып турат. Икрамжан Илмияновду тааныйсызбы?

- Эл ар кандай сөздөрдү айтат экен. Илмиянов менен 2017-жылга чейин жолугуп, чай ичкен эмеспиз. Бир райондонбуз, уруубуз бир. Бирок, саламдашып көргөн эмеспиз. 2017-жылы президенттик шайлоо алдында бизге келип, Кулунду айыл өкмөтүнө жардам беребиз дегенде Кулунду айылынын жаштары Сооронбай Жээнбековго иштеп бергенбиз.  Ошондо шайлоонун алдында гана бир жолу таанышып, чай ичип отурганбыз. Андан кийин көргөн жокмун.  Ага чейин сыртынан эле тааныгам. Бул сөздөр каяктан чыгып жатат, билбейм.

- Сизди “контрабандист” деген сөздөр айтылып жатат?

- Биринчиден мен жергиликтүү кеңештин депутаты, жеке ишкермин. Жергиликтүү кеңешке айлык төлөнбөйт. Эл үчүн акысыз иштейбиз. Жанды багыш үчүн иш кылыш керек да.

- Күйүүчү май жаатында эмеспи?

- Ошол тармакта. Бирок баары мыйзамдуу. Бишкектен фирмалардан расмий түрдө май алабыз, май куюучу жайларга ташыйбыз. Баардыгы салык органдары тарабынан расмий өтөт. Бир литринен 60-70 тыйын салык төлөйбүз. Бизнести ачык эле кылабыз. 

Д.Өсөров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости