www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 13-ноябрда NazarNews.kg сайтында “Лейлектин контрабандисттери чек араны шылтоолоп шылуундук кылгысы келеби?” – деген макалабыз жарык көргөн. Анда, Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин доорунда “серый кардиналга” айланып, контрабандадан тарта кадр саясатына чейин аралашкан Икрамжан Илмияновдун убагында ага жакын адамдар тайраңдап, көпкөндөр көбүп кеткендиги айтылып, алардын катарында Баткен облусунунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев тууралуу сөз болгон. Анда бул эренге чек ара маселеси, убагында бир дагы түйшөлтпөй жүргөндүгү баяндалып, анын артынан далай алтын кендерин сатып жиберигендиги жазылган. Андан калса ага байланыштуу кылмыш иши дагы козголуп, колдоочусу Икрамжан Илмияновдун кийлигишүүсү менен жоопкерчиликтен кутулуп кеткендиги айтылган.  Бул макаладан кийин кеңсебизге Баткен облусунунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев өзү келип, аталган макалага жообун берип кетти.

-Икрамжан Илмияновду тааныйсызбы, айрым маалыматтар боюнча сиз ал адамдын колдоосуна таянып далай кыңыр ишти жасачу деп жүрүшөт?

-Илмияновго таянып, эч качан мыйзамсыз иш кылган эмесмин.

-Жеке ишкерлик кыласызбы? Күйүүчү майлардын аткезчилиги боюнча Баткен анын ичинде Лейлек районунда абал курч дешет?

-Контрабанда бар, бирок мен аны менен алектенбейм. Менин чакан ишим бар. Багбанчылык, айыл-чарбасы, мал-чарбасы менен иш кылам.

-Баткенде чек ара маселеси боюнча абал кандай азыр? Абал туруктуу дешет?

-Баткенде чек ара маселеси боюнча абал курч. Биз эки эл ынтымакта жашашыбыз керек. Бир ок аттырбай туруп эле чечсе болот. Бул маселени чечүү жолун биз билебиз.

-Билсеңер эмнеге чечилбейт? Деги сиздин оюңуз боюнча бул маселени чечүүгө биздин өкмөттө дарамети жеткен адам барбы?

-Жок, тилекке каршы, өкмөттө азыр андай жок. Иш билги адам, мекенди сүйгөн адам өкмөттө жок.

Д.Өсөров

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости