www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Кыргыз Республикасынын Аба мейкиндигин коргоо күчтөрүнүн жетекчилик курамы жана өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тармактагы орчундуу маселелер талкууланып, аскер кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, турак-жай менен камсыздоо жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилүүчү социалдык жеңилдиктердин натыйжалуулугу боюнча маселелер көтөрүлдү.

Ошондой эле тараптар жаш адистерди аскердик кызматка тартуунун механизмдерин иштеп чыгуу жана бул багыттагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча пикир алмашышты.

Депутат аскер кызматкерлеринин социалдык статусун жогорулатуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн коопсуз жана татыктуу шарттарды түзүү мамлекеттин негизги милдети экенин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди системдүү түрдө көзөмөлгө алуу, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чечүү жолдорун иштеп чыгуу жана алардын аткарылышы боюнча Жогорку Кеңешке үзгүлтүксүз маалымат берип туруу зарылдыгы белгиленди.

Последние новости